5-январь: Курал-жарагын жоготкон душман

Jakshy Kabar Media

5-январь: Курал-жарагын жоготкон душман

Жон Пайперден насаат сөз

«Кылмыштарыңардын жана денеңердин сүннөткө отургузулбагандыгынын айынан өлүк болгон силерди да Кудай Аны менен бирге тирилтти, биздин бардык күнөөлөрүбүздү кечирди. Ал бизди айыптаган көрсөтмөлөрдөн турган кол жазманы, бизге каршы жазылган кол жазманы, өчүрүп салды. Ал аны алардын арасынан алып, айкаш жыгачка кадоо менен четтетти. Ал башчыларды жана бийликтегилерди куралсыздандырып, аларды ачык түрдө уятка калтырды, аларды айкаш жыгачта жеңип чыкты».

Колостуктар 2:13-15

Машаяк айкаш жыгачта шайтандын үстүнөн биротоло жеңишке жеткендиктен, ишенүүчү Машаяк менен бириккенде, анын тагдыры өзгөрөт. Машаяк шайтанды бул дүйнөдөн жок кылбаса да, анын колундагы курал-жарагын тартып алып, адамзатты түбөлүк тозокко кетирген бийлигин жок кылды.

Бизди кечирилбеген күнөө гана айыптуу кылып, тозокко кетире алат. Бирок шайтан эми ишенүүчүлөрдү кечирилбеген күнөөдө айыптай албайт. Ошондуктан шайтан биздин жаныбызды биротоло кыйратып, тозокко кетире албайт. Ал бизге денелик же эмоциалык зыян тийгизиши, алтургай өлтүрүшү да мүмкүн. Ал бизди азгырышы жана башкаларды бизге каршы тукурушу мүмкүн. Бирок ал биздин жаныбызды кыйроого учурата албайт.

Колостуктар 2-бөлүм 13-15-аяттарда айтылгандай, чечүүчү жеңишке себеп болгон факты – бул Машаяктын «бизге каршы жазылган кол жазманы» айкаш жыгачка кадаганы. Ал кол жазманы шайтан бизге каршы эң негизги айыптоо катары колдонуп келген эле. Эми болсо асмандагы сот алдында анын колунда бизге каршы коё турган айыптоосу жок. Анын эң чоң каалоосу – бизди тозокко кетирейин деген ниети ишке ашпай турган болду. Эми анын колунан эч нерсе келбейт. Машаяк биздин ордубузга жазага тартылды. Шайтан болсо курал-жарагынан ажырады.

Ушул эле чындык төмөнкү аятта башкача жол менен айтылат: «Ал [Машаяк] Өз өлүмү менен өлүм бийлигине ээ шайтанды күчүнөн ажыратыш үчүн, өлүмдөн коркуп, өмүр бою кул болуп жүргөндөрдү эркиндикке чыгарыш үчүн, денеге ээ болду» (Эврейлер 2:14-15).

Өлүм дагы эле биздин душманыбыз. Бирок ал күчүнөн ажырады. Жыландын уусу жок болду. Ал уу тишинен айрылды. Өлүмдүн уулуу тиши – күнөө. Ал эми күнөөнүн бизди айыпка жыккан күчү – мыйзамдын талабы. Бирок Машаякка шүгүр: Ал мыйзамдын талабын аткарды. «Өлүм! Сенин уу тишиң кайда? Өлгөндөр жаткан жай! Сенин жеңишиң кайда?» (1 Корунттуктар 15:55).

«Шайтан, дүйнө, Кудайдын акылмандыгы, Машаяк» аттуу насааттан үзүндү.