4-январь: Жеткилең эмес машаякчылар үчүн үмүт

Jakshy Kabar Media

4-январь: Жеткилең эмес машаякчылар үчүн үмүт

Жон Пайперден насаат сөз

«Анткени Ал ыйыкталып жаткандарды бир ирет курмандык алып келүү аркылуу түбөлүккө жеткилең кылды».

Эврейлер 10:14

Бул аят биз сыяктуу жеткилең эмес күнөөкөрлөргө дем берип, ыйыктыкка умтулганга түрткү берет.

Демек, сиз азыр жеткилең болгондугуңуз үчүн эмес, тескерисинче, жеткилең эмес бирок «ыйыкталып» жаткандыгыңыз үчүн, асмандагы Атаңыздын алдында жеткилең жана толук эсептелериңизге бекем ишенсеңиз болот. Сиз Кудайдын убадаларына ишенүү аркылуу өзүңүздүн жеткилең эместигиңизден алыстап, барган сайын ыйык болуп баратасыз. Эврейлер 10-бөлүм 14-аятта кеп ушул жөнүндө болуп жатат.

Сиздин ишенимиңиз күнөөлөрүңүздү таштап, ыйыктыкка умтулганга түрткү береби? Ушундай ишенимиңиз болсо, жеткилең эмес болсоңуз да, Машаякка: «Сиз мени Өз көз алдыңызда эчак эле жеткилең кылгансыз», – деп айта аласыз.

Ушундай ишенимге ээ болгон адам мындай дейт: «Ыйса Машаяк, бүгүн мен күнөө кылдым. Бирок мен күнөөмдү жек көрөм. Анткени Сиз менин жүрөгүмө мыйзамды жазгансыз, мен аны аткарууну эңсейм. Ошондой эле, Сиз Өзүңүзгө жага турганды менин ичимде жаратып жатасыз (Эврейлер 13:21). Ошол себептен мен дагы деле жасап жаткан күнөөмдү жек көрөм жана акылымдагы күнөөлүү ойлорду жек көрөм».

Ушундай ишеним – бизди куткара алган нукура жана чыныгы ишеним. Ушундай ишенимге ээ болгон адам үчүн төмөнкү сөздөр баалуу болуп саналат: «Ал ыйыкталып жаткандарды бир ирет курмандык алып келүү аркылуу түбөлүккө жеткилең кылды».

Мындай сөздөрдү күчтүүлүгү менен мактангандар айтпайт. Тескерисинче, Куткаруучуга болгон муктаждыгын түшүнгөн алсыз адамдар айтат. Мен сизди Машаякка ушинтип таянарчалык алсыз болууга чакырам.

«Бир ирет курмандык алып келүү аркылуу түбөлүккө жеткилең кылды» аттуу насаат сөздөн үзүндү.