3-январь: Эң кичинекей ишеним

Jakshy Kabar Media

3-январь: Эң кичинекей ишеним

Жон Пайперден насаат сөз

«Демек, Кудайдын ырайым кылуусу адамдын каалоосуна, аракетине байланыштуу эмес, ырайым кылчу Кудайдын Өзүнө байланыштуу».

Римдиктер 9:16

Келиңиздер, бул жылдын башталышында өзүбүз үчүн бир нерсени тактап алалы: Ыйсага ишенүүчүлөр катары быйыл Кудайдан эмне гана албайлы, ырахатпы же азапбы, анын баары Кудайдын ырайымы болот.

«Бутпарастар Кудайдын аларга көрсөткөн ырайымы үчүн даңкташат» (Римдиктер 15:9). Ушул себептен Ыйса Машаяк бул дүйнөгө келген. Анын «улуу ырайымынын негизинде» биз кайрадан төрөлдүк (1 Петир 1:3). «Андан ырайым табыш үчүн» биз күнүгө сыйынабыз (Эврейлер 4:16); ошондой эле, биз түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн Теңирибиз Ыйса Машаяктан ырайым күтүп жатабыз (Жүйүт 1:21). Эгерде кайсы бир машаякчы ишенимдүү деп табылса, анда ал – «Теңирдин ырайымын көрүп, ишенимдүү болгон адам» (1 Корунттуктар 7:25).

Элчилер Теңирден: «Ишенимибизди арттыр», – деп суранышканда, Теңир аларга: «Эгерде силердин сары кычы данындай ишенимиңер болсо, бул тыт дарагына: “Тамырың менен суурулуп, деңиздин ичине отургузул”, – десеңер, ал силерди укмак», – деп жооп берген (Лука 17:5-6). Башкача айтканда, машаякчылык жашообузда жана кызматыбызда маанилүү болгон маселе биздин ишенимибиздин күчтүүлүгү же өлчөмүнүн чоңдугу эмес, себеби даракты тамыры менен биздин ишенимибиз эмес, Кудай сууруйт. Демек, бизде Машаяк менен чындап байланыштырган эң кичинекей ишеним болсо, ошол ишеним бизди Анын керектүү күчү менен камсыз кылат.

Бирок, сиз Теңирге өзүңүз баш ийип, тил алчаак болгон ийгиликтүү учурлар жөнүндө эмне десек болот? Сиз тил алчаак болсоңуз, анда Анын ырайымына муктаж эмесмин десеңиз болобу? Ыйса бул суроого төмөнкү аяттарда жооп берет:

«Бирөөңөрдүн жер айдаган же мал кайтарган кулуңар бар дейли. Ошол кул талаадан келери менен кожоюну ага: “Тез келип, дасторконго отур”, – деп айтабы? Тескерисинче, ага: “Мага кечки тамакты даярда, мен тамактанып бүткөнчө, белиңди бууп, мага кызмат кыл, андан кийин өзүң тамактан”, – деп айтат да. Буйругун аткарганы үчүн, ал кулуна, эмне, алкыш айтабы? Айтат деп ойлобойм. Силер да ошолордой болуп, өзүңөргө тапшырылган ишти аткаргандан кийин: “Биз эч нерсеге татыбаган кулдарбыз, аткарышыбыз керек болгон ишти гана аткардык”, – дегиле» (Лука 17:7-10).

Демек, толук тил алчаактык да, эң кичинекей ишеним да, Кудайдан бирдей эле ырайым алат деп тыянак чыгарсак болот. Сары кычы данындай болгон ишеним Кудайдын дарактарды ордунан сууруган күчүнүн ырайымына ээ кылат. Толук баш ийүү да бизди ырайымга толугу менен көз каранды кылат.

Кептин төркүнү мында: Кудайдан качан гана жана кандай гана ырайым албайлы, биз эч качан ырайымга муктаж болгон адамдын даражасынан жогору көтөрүлө албайбыз. Биз ар дайым өзүбүз татыксыз болгон ырайымдан толугу менен көз карандыбыз.

Андыктан, келиңиздер, момун болуп, кубаныч менен Кудайды ырайымы үчүн даңктайлы!

«Биз 2002-жылы ала турган бардык нерсе – бул ырайым» аттуу насаат сөздөн үзүндү.