2-январь: Ыйса өлүмдү эмне кылды?

Jakshy Kabar Media

2-январь: Ыйса өлүмдү эмне кылды?

Жон Пайперден насаат сөз

«Адам баласы бир ирет өлүп, андан кийин сотко келиши керек. Ошол сыяктуу эле көптөрдүн күнөөлөрүн Өз мойнуна алыш үчүн, Машаяк Өзүн бир ирет курмандыкка берди. Ал эми экинчи ирет күнөөдөн тазалоо үчүн эмес, Өзүн күтүп жаткандарды куткаруу үчүн келет».

Эврейлер 9:27-28

Ыйсанын өлүмү күнөөлөрдү айкаш жыгачка көтөрдү. Мына ушул нерсе машаякчылыктын, Жакшы Кабардын жана бул дүйнөдөгү Кудайдын улуу куткаруу ишинин маңызы болуп саналат. Ыйса Өзүнүн өлүмү аркылуу бардык күнөөлөрдү Өз мойнуна алды. Ал Өзүнө тиешелүү болбогон күнөөлөрдү мойнуна алды. Башкаларды күнөөлөрүнөн арылтыш үчүн, алардын күнөөлөрү үчүн азап чекти.

Муну сиз негизги көйгөй катары сезесизби же жокпу, сиздин жашооңуздагы эң чоң көйгөйдүн жообу мына ушул. Күнөөлүү болгонубузга карабастан, Кудай менен мамилебизди кантип оңдой алабыз деген суроонун жообу бар. Ал жооп төмөнкүдөй: «Көптөрдүн күнөөлөрүн Өз мойнуна алыш үчүн» Машаяк Өзүн курмандыкка берди. Ал биздин күнөөлөрүбүздү көтөрүп, айкаш жыгачка алып барды жана биз татыктуу болгон өлүм менен ошол жерде өлдү.

Эми бул менин өлүмүм үчүн эмнени билдирет? «Адам баласы бир ирет өлүп, андан кийин сотко келиши керек» (Эврейлер 9:27). Бул менин өлүмүм эми жаза болбой калганын билдирет. Менин өлүмүм мындан ары күнөө үчүн берилген жаза эмес. Менин күнөөлөрүм жоюлду. Ыйса Өз өлүмү менен мени алардан арылтты. Машаяк менин жазамды Өз мойнуна алып, азап чекти.

Анда эмне үчүн мен дагы деле өлүмдөн кутулган жокмун? Анткени Кудай өлүмдү күнөөнүн өтө коркунучтуу экендигинин туруктуу күбөсү катары көрсөтүш үчүн, бул дүйнөдө, атүгүл Өз балдарынын арасында да убактылуу калтырып турууну туура көргөн. Биздин өлүмүбүз бул дүйнөдө күнөөнүн сырткы кесепеттери дагы эле бар экенин ачык көрсөтөт.

Бирок өлүм мындан ары Кудайдын өз балдарына карата болгон каарын билдирбейт. Өлүм аркылуу биз түбөлүк жазага кабылбайбыз, толук куткарылууга ээ болобуз.

«Машаяк экинчи ирет келгенде эмне кылат?» аттуу насаат сөздөн үзүндү.