1-январь: Жаңы жыл үчүн берилген ырайым

Jakshy Kabar Media

1-январь: Жаңы жыл үчүн берилген ырайым

Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок Кудайдын ырайымы менен азыр ким болсом, ошолмун. Анын мага кылган ырайымы текке кеткен жок, мен баарынан көп кызмат кылдым. Дегинкиси, мен эмес, Кудайдын мендеги ырайымы кызмат кылды».

1 Корунттуктар 15:10

Ырайым деген – бул биз татыксыз болсок да, Кудайдын бизге ак ниет менен кылган жакшылыгы эле эмес. Бул биздин жашообузда иштеген жана биздин ичибизде же биз үчүн жакшы нерселерди жараткан Кудай тарабынан берилген чыныгы күч.

Пабылдын тынымсыз эмгектениши үчүн анын жашоосунда иштеген күч – бул Кудайдын ырайымы эле: «Кудайдын ырайымы менен… мен баарынан көп кызмат кылдым». Ошондуктан Пабыл: «Куткарылууңарды коркуу жана титирөө менен жүзөгө ашыргыла» – деп айтканда, муну да кошуп кетет: «Анткени Кудай силердеги тилекти да, аракетти да Өзүнүн жакшы ниети боюнча жаратат» (Филипиялыктар 2:12-13). Ырайым – биздин жашообузда иштеген жана биздин ичибизде же биз үчүн жакшы нерселерди жараткан Кудай тарабынан берилген чыныгы күч.

Бул ырайым өткөн чакка да, келер чакка да таандык. Ал азыркы учурда тынымсыз агып жаткан шаркыратмадай. Анын өйдө жактан агып түшкөн жана эч качан токтобогон суусу келечектеги ырайымды билдирет. Ал эми төмөн жагында топтолгон суусу бара-бара көбөйө берген өткөн чактагы ырайымды билдирет.

Алдыдагы беш мүнөттүн ичинде сиз келечектен агып келген жана муктаждыгыңызды толтурган ырайымды кабыл аласыз. Ал ошол беш мүнөттүн ичинде көрсөтүлгөндөн кийин, өткөн чактагы ырайымга барып кошулат. Сиздин өткөн чакта кабыл алган ырайым үчүн берген туура жообуңуз ыраазылык билдирүү болушу керек. Ал эми сиздин келечекте убадаланган ырайымга болгон туура жообуңуз ишеним болушу керек. Биз өткөн жылдын өткөн чакка таандык болгон ырайымы үчүн ыраазылык билдирип, жаңы жылдын келечектеги ырайымына бекем ишенебиз.

«Бейтлехемдин кээ бир пайдубалдарын кайра куруу: Келечектеги ырайымга болгон ишеним менен жашоонун ыйыктоочу күчү» аттуу насааттан үзүндү