Жон Пайперден насаат сөз
«Кудай бардыгын кыла алат».
Марк 10:27
Кудуреттүү ырайым – бул машаякчылык ырахатты издеген адам үчүн жашоонун булагы. Машаякчылыктан ырахат алган адамдын эң жакшы көргөн нерсеси – бул Кудайдын кудуреттүү ырайымына толуу жана аны башкалар менен бөлүшүп, аларга жакшылык кылуу тажрыйбасы.
Машаякчылык ырахатты издеген Жакшы Кабар таратуучулар ар дайым 1 Корунттуктар 15-бөлүм 10-аятта айтылгандай: «Мен эмес, Кудайдын мендеги ырайымы кызмат кылды», – деп айта алган жашоо тажрыйбасын жакшы көрүшөт. Алар Жакшы Кабар таратуучулук эмгегинин жемишин толугу менен Кудай берет деген чындыктан сооронуч (кубаныч) алышат (1 Корунттуктар 3:7; Римдиктер 11:36).
Аларга Кожоюндун «Силер Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар» деген сɵздɵрү кубаныч гана тартуулайт (Жакан 15:5). Кудай адамдын колунан келбеген жана адам үчүн өтө оор болгон жаңы өмүр жаратуу ишин алардын мойнуна жүктөбөй, Өзүнө алганы тууралуу чындыкты эстеген сайын кубанычтан козулардай секирип ойношот. Алар чын жүрөктөн: «Колубуздан бир нерсе келип, муну же тигини өзүбүз кылдык дегендей эч акыбыз жок, себеби бизди ошого жөндөмдүү кылган – Кудай Өзү” – деп айтышат. (2 Корунттуктар 3:5; КИ).
Алар үйлөрүнө эс алууга кайтып барып, өз жыйындарына: «Машаяктын мен аркылуу аткаргандарынан башка нерсени айтууга батына албайм. Ал мен аркылуу Ыйык Рухтун күчү менен бутпарастарды ишенимге баш ийдирди», – деп жарыялашканда, башка эч бир нерсе бере албаган кубанычка бөлөнүшөт (Римдиктер 15:18).
«Кудай баарын жасай алат!» деген сөздөр кызматты баштап жатканда үмүт берет, ал эми аны ишке ашырганда момундукка үйрөтөт. Бул сөздөр – Жакшы Кабар таратууда үмүтсүздүккө жана текебердикке даба болгон дары.
«Кудайды энсөө» атту китептен үзүндү, 235–236-беттер.