4-май: Туура эмес ниеттин коркунучтуу кесепети

Jakshy Kabar Media

4-май: Туура эмес ниеттин коркунучтуу кесепети

4-май
Туура эмес ниеттин коркунучтуу кесепети
Джон Пайперден насаат сөз

«Же Теңир кайра бериши үчүн, ким Ага алдын ала бир нерсе берди? Анткени бардыгы Андан, Ал аркылуу жана Ал үчүн. Ал түбөлүк даңкталсын!»

Римдиктер 11:35-36

Качан баш ийүү аркылуу ыраазылык билдирүү кооптуу болуп саналат? Бул кɵбүнчɵ карыз болууга байланыштуу. Мисалы: «Караңызчы, Кудай сиз үчүн канча нерсе жасады. Буга ыраазычылык иретинде, сиз Ага көп нерсе жасашыңыз керек эмеспи?» Же, «Сиз оңолгонуңуз үчүн жана колуңузда болгон баардык нерселер үчүн Кудайга карызсыз. Мунун бардыгы үчүн сиз Ага эмне жасадыңыз?»

Мындай ниет тууралуу эң аз дегенде үч кɵйгɵй бар.

Биринчиден, Кудайдын бизге берген ырайымынын акысын төлөп берүү мүмкүн эмес. Бул нерсе менин колумдан келет деп ойлонбой эле коёлу, анткени Римдиктер 11:35–36-аяттарда: «Теңир кайра бериши үчүн, ким Ага алдын ала бир нерсе берди? [Жообу: Эч ким!] Анткени бардыгы Андан, Ал аркылуу жана Ал үчүн. Ал түбөлүк даңкталсын!» Ага эч нерсе кайтарып бере албайбыз, анткени бере турган нерселерибиздин бардыгы, анын ичинде бардык аракеттерибиз да Ага таандык.

Экинчиден, бизге кɵрсɵткɵн бардык ырайымынды кайра тɵлɵп бергенге жетиштик дейли, бирок бул аркылуу ырайымды соода келишимине айлантып жатпайбызбы. Эгер биз Ага кайра тɵлɵп бере алсак, анда бул ырайым болмок эмес. Эгер бирɵɵ сизди ɵзүнүн сүйүүсүн кɵрсɵтүү үчүн кечки тамака чакырса, анан кечки тамак аяктаганда сиз аларды кийинки жума тамакка чакыруу менен бүгүнкү тамактын акысын тɵлɵп берем десеңиз, анда сиз алардын ырайымын жокко чыгарып соодага айланткан болосуз. Кудай Өзүнүн ырайымынын жокко чыгарылышын каалабайт. Ал анын даңкталышын каалайт (Эфестиктер 1:6, 12, 14).

Үчүнчүдɵн, ыраазычылык билдирүү үчүн гана баш ийсек, анда Кудайдын келечектеги ырайымына ишенүүнүн маанилүүлүгүн жоготкон болобуз. Ырааазычылык бул – буга чейин берилген ырайымга кайрылып, ыраазычылык келтирүү. Ишеним келечекте убада кылынган ырайымды күтөт, бул беш мүнөттɵн кийин же беш кылымдан кийин ишке ашабы – үмүт үзбөйт. Ишеним – бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө (Эврейлер 11:1).

Келечектеги ырайымга ишенүү баш ийүүгɵ түрткү берет. Бул адамзаттын Кудайга баш ийүүдɵгү жакшы сапатын сактап турат. Баш ийүү бул Кудайга кайтарып тɵлɵп берүү эмес. Бул аркылуу ырайымды соодага айлантууга болбойт. Баш ийүү мындан да кɵбүрɵɵк ырайым – келечектеги ырайым үчүн Кудайга ишенүүдɵн келет. Муну менен бирге Кудайдын сүйүүсүнүн жана күчүнүн чексиздигин даңазалайт. Ишеним «кайда барбагын сени менен болом» (Жашыя 1:9) деген убадага таянат жана баш ийүү менен жерди ээлеп алууга тобокел кылат.

Келечектеги ырайым насаат сɵзүнɵн үзүндү.