21-апрель
Радикалдуу сүйүүнүн ачкычы
Джон Пайперден насаат сөз
“Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң! Силерден мурунку пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан”.
Матай 5:11—12
Матай 5:44-аяттагы душмандарыбызды сүйүү жөнүндөгү сөздү айтып жатып, берген суроолорумдун бири бул: “Силердикин уурдап, анан өлтүргүсү келген адамдарды кантип сүйө аласыңар?”
Муну кантип кылсак болот? Мындай сүйүүнүн күчү кайдан келет? Биз жашап жаткан дүйнөдө бул кандай гана таң калыштуу экенин ойлоп көрсөңүз! Машаяктын күчүн жана чындыгын мындан башка нерсе көрсөтө алабы?
Ушул эле бөлүмдүн башында, Матай 5:44-аятта айтылган ушул радикалдуу, жан аябаган сүйүүнүн ачкычын Ыйса берет деп ишенем.
Матай 5:11–12-аяттарда, Ал дагы бир жолу куугунтук жөнүндө сөз кылат. Ал Матай 5:44-аятта, «Душмандарыңарды сүйгүлө жана силерди куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла» деп айткан. Бул аяттардан көңүл бура турган нерсе, Ыйса душмандын ырайымсыз мамилесине чыдап гана койбостон, андан кубаныч аласың деп айткан. «Башкалар силерди кордоп, куугунтукташса, силер бактылуусуңар. Кубангыла жана шаттангыла».
Бул бизге душмандарыбыз үчүн сыйынуу же аларга жакшылык кылуу мүмкүн эместей көрүнөт. Эгер мен бул мүмкүн эмес нерсени жасай алсам, тактап айтканда, куугунтукталганыма сүйүнсөм, анда мени куугунтуктагандарды сүйүү мүмкүн болмок. Эгер адилетсиздиктин, кайгынын, жоготуунун жана коркунучтун арасынан кубанычтын керемети орун алса, анда күнөөкөрлөрдү сүйүү керемети дагы болушу мүмкүн.
Ыйса бул аяттарда кубанычтын ачкычын берет. Ал: «Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң!» – дейт. Кубанычтын ачкычы – Кудайдын келечектеги ырайымына ишенүү, башкача айтканда, Кудай сиз үчүн убада кылган нерселердин баарына ыраазы болуу. Ал: «Кубангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң!» – дейт. Куугунтук учурундагы кубанычыбыз – ушул коркунучтан бошоткон жана сүйүү эркиндигине жол ачкан асман кубанычы. Ошентип, бул кубаныч, душмандарыбыз куугунтуктаганда, аларды сүйүүгө күч берет.
Эгер бул чын болсо, анда сүйүү осуяты бизди, Кудай жер бетиндеги нерселерге эмес, асмандагы нерселерге, Кудай биз үчүн убада кылган нерселерге көңүл бурушубузга үндөйт (Колосалыктар 3:2).
Душманыбызды сүйүү осуяты – бул биздин үмүтүбүздү, жан-дилибизди Кудайдан ырахат алууга жана Анын улуу сыйлыгына, келечектеги ырайымына багыттайт. Радикалдуу сүйүүнүн ачкычы келечектеги ырайымга болгон ишеним. Биз кыйналып жатканыбызда, Кудайга болгон сүйүү «жашоодон артык» деп ишенишибиз керек (Забур 62:4). Душманыңызды сүйгөнүңүз асманга сыйлык алып келбейт. Асмандагы сыйлыкты баалоо душманыңызды сүйүүгө мүмкүндүк берет. “Келечектеги ырайым” аттуу аңгемеден үзүндү, 160–161 беттер.