20-апрель
Адашуудан корккула
Джон Пайперден насаат сөз
“Сенде Өзүңдөн корккондор үчүн сактап койгон, адам баласынын алдында Өзүңө таянгандар үчүн даярдап койгон жакшы нерселер көп!”
Забур 30:20
Забур 30:20-аяттагы эки маанилүү чындыкты карап көрөлү.
1. Теңирдин жакшылыгы:
Кудайдын өзгөчө жакшылыгы бар. Кудайдын жакшылыгы Ал Өз күнүн жакшыга да жаманга да жаадыруу деген менен эле чектелбейт (Матай 5:45). Забурда айтылгандай, Анын жакшылыгы «Андан корккондор үчүн».
Бул жакшылыктын чеги жок. Ал түбөлүккө созулат жана баарын камтыйт. Андан корккондорду жакшылык гана коштоп жүрөт. Бардык нерсе алардын жакшылыгы үчүн болот (Римдиктер 8:28). Римдиктер 5:3-5 аяттарга ылайык, алардын тарткан азаптары да жакшылык үчүн болот.
Бирок Андан коркпогондор убактылуу жакшылыкка ээ болушат. Римдиктер 2:4-5 аяттар муну мындайча сүрөттөйт: “Же Кудай Өз айкөлдүгү менен сени тобо кылууга жетелерин билбей, Анын айкөлдүгүн, сабырдуулугун жана чыдамдуулугун барк албай жатасыңбы? Бирок сен өзүңдүкүн бербегендигиң менен, өкүнбөгөндүгүң менен, Кудайдын каары төгүлө турган жана адилет соту боло турган күнгө, өзүңө өзүң каар чогултуп жатасың.”
Боорукердик, сабырдуулук жана жакшылык. Бирок бул нерселер Теңирден коркуу менен эмес, бекемдик менен кездешет.
Бул биринчи чындык: Теңирдин жакшылыгы.
2. Теңирден коркуу:
Теңирден коркуу – бул Андан баш тартуудан коркууну жана Кудайдан баш калкалоочу жайды издөөнү түшүндүрөт. Ошондуктан Забур 30:20-аятта эки шарт жөнүндө айтылат – Теңирден коркуу жана Андан баш калкалоочу жай табуу.
1) “Оо, Сенден корккондор үчүн, Сен көптөгөн жакшылыктарыңды сактап койдуң жана 2) Сенден баш калкалоочу жай издегендер үчүн иштедиң”.
Алар карама-каршы сыяктуу көрүнөт. Коркуу сезими алыстаткандай, баш калкалоо өзүнө кармагандай сезилет. Бирок качан биз бул коркунуч – Андан баш тартуу коркунучу экендигин көргөнүбүздө, алар чогуу иштегенин билебиз.
Ыйыктардын жан-дүйнөсүндө чыныгы титирөө бар. “Куткарылууңарды коркуу жана титирөө менен өз жүзөгө ашыргыла” (Филипиликтер 2:12). Бирок, бул титирөө баласын жаңы эле океандын түбүнөн сууруп алган Атанын кучагында болгон титирөө. Бул титирөө бизге Атанын кереги жок деген ойдун өзүнөн коркуу сезими.
Демек, Теңирдин жакшылыгын жогору баалаңыз. Андан баш тартуудан коркуңуз. Ар бир күнөөдөн качыңыз жана Аны баш калкалоочу жайыңыз кылып алыңыз. “Оо, Сенден корккондор үчүн, Сенин жакшылыктарын көп, Сенден коркондорду сактап калдың, Сенден баш калкалоочу жай издегендер үчүн иштедиң”.
“Кудайдын жакшылыгы жана Кудайдан коркуу” аттуу аңгемеден үзүндү