Home

Жакшы Кабар Медиа

Теңирге таянган адам жалбырактары
жашыл бойдон турган дарактай болот

жакшы кабар

бИЗДИН ИШЕНИМ

Забур 1:1-3

Кудайсыздардын кеңешмесине барбаган, күнөөкөрлөрдүн жолунда турбаган, бузулгандардын жыйынында отурбаган адам бактылуу. Ал Кудайдын мыйзамынан кубаныч алат, Анын мыйзамы тууралуу күнү-түнү ойлонот. Ошондо ал суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет.

Жеремия 17:7-8

Теңирден үмүттөнгөн, Теңирге таянган адам баталуу. Анткени ал адам суу боюна тигилген, тамырын суу түбүнө жайган дарактай болот. Ал аптапты сезбейт. Анын жалбырактары жашыл бойдон турат, ал кургакчылык убагында да коркпойт, мөмө берүүсүн токтотпойт.

Ошол үчүн биз ишенебиз

Кудайдын Сөзүн жакшы билген, анын үстүнөн күнү-түнү ойлонуп кубаныч алган, аны өз жашоосунда колдонуп жана Кудайга таянып жашаган адам баталуу. Ал мөмөсүн өз убагында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот.

жакшы кабар

БИЗДИН МИССИЯ

Биз Ыйык Жазууга негизделген, Машаяк борбор болгон ар кандай каражаттарды колдонуу аркылуу Кудайга болгон чыныгы ишенимди жана сүйүүнү өстүрүү үчүн кызмат кылабыз.

жакшы кабар

КАРАЖАТТАР

Бул каражаттар сизге бата алып келсин!
1

Чексиз Кубаныч бул Жон Пайпердин ар бир күнгө кыска-нуска насаат сөзү. Алар, сиз Теңирден үмүттөнгөн, жалбырактары соолубаган дарактай адам болушуңузга жардам берүү үчүн жазылган. Аларды окуп, угуп жана башкалар менен бөлүшсөңүз болот.

2

Мирландан ар бир машаякчыны Кудайдын Сөзүндө бекемдөө максатында Ыйык Жазууга негизделген, аны жөнөкөй жана жеткиликтүү түрдө түшүндүргөн насаат сөздөр. Аларды угуп, көрүп жана башкалар менен да бөлүшсөңүз болот.

3

Ыйык Жазууну кыска жана нуска, ошол эле учурда терең изилдөө аркылуу ар бир машаякчыны ишенимде өсүүгө шыктандыруу. Аларды угуп, көрүп жана башкалар менен да бөлүшсөңүз болот.

4

Жана Башка

Оюбуз көп! Кудай атабыз кааласа, келечекте көбүрөөк каражаттарды сиздер менен бөлүшө алабыз.